Ош мэри Жанарбек Акаев шаардын муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Иш-чаралардын максаты — жарандардын кайрылууларын угуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча сунуштарды карап чыгуу.
Жолугушуулардын графиги
Жолугушуулар 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин шаардын ар кайсы райондорунда өтөт. Төмөндө күндөр боюнча расписание берилген:
- 11-ноябр
09:00 — «Манас-Ата» МТУ (ОшМУнун тарых факультетинин актзалы); 12:00 — «Жибек-Жолу» МТУ (№1 Федченко атындагы мектеп); 15:00 — «Курманжан-Датка» МТУ (А. Навои атындагы №18 мектеп)
- 12-ноябр
09:00 — «Сулайман-Тоо» МТУ (М. Ломоносов атындагы №3 мектеп); 12:00 — «Кызыл-Кыштак» МТУ (СТУнун залы); 15:00 — «Керме-Тоо» МТУ (№42 мектеп)
- 13-ноябр
09:00 — «Алымбек-Датка» МТУ (№16 мектеп); 12:00 — «Гулбаар» СТУ (А. Пушкин атындагы №21 мектеп); 15:00 — «Жапалак» СТУ (Маданият үйү)
Шаардык бийлик тургундарды талкууларга жигердүү катышууга чакырат, бул маанилүү маселелер боюнча маалыматты шаар жетекчилигине ыкчам жеткирүүгө мүмкүндүк берет.










