Кыргызстанда «Түндүк» мобилдик тиркемесинин функционалы кеңейтилип, медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) маалыматтарын текшерүү мүмкүнчүлүгү кошулду. Эми колдонуучулар текшерүүнүн өткөрүлүү күнүн жана ведомствонун акыркы чечимдерин аралыктан биле алышат.
«Түндүк» ААКсынан билдиргендей, тиркемеде текшерүү процесси жөнүндө негизги маалыматтарга кирүүгө мүмкүндүк берген атайын бөлүм ишке ашырылган. Тактап айтканда, сервис аркылуу иштин кароо статусун, комиссиянын дарегин жана кеңейтилген комиссиянын токтомдорун кошкондо, чечимдин өзүн көзөмөлдөөгө болот.
Статусту кантип текшерсе болот
Маалымат алуу үчүн колдонуучуларга тиркеменин интерфейсинде төмөнкү жол менен өтүү керек:
- «Ден соолук» бөлүмү
- «Майыптыгы жөнүндө маалымкат»
- «Текшерүү статустары»








