Кыргызстанда маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун жаңы тартиби бекитилди. Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, балдар музыкалык, көркөм мектептеринин жана искусство мектептеринин директорлордун кызматтарына ачык конкурсдук тандоо киргизилет.
Документтен
Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин конкурсту өткөрүү, кызматтарга дайындоо жана кызматтан бошотуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, конкурсдук системаны киргизүү процесс ачык-айкындуулукту жана объективдүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Реформанын негизги максаты — талапкерлер үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана окуу жайларга зарыл болгон башкаруучулук компетенцияларга жана кесиптик тажрыйбага ээ адистерди тартуу.
Бош орундар, талапкерлерге коюлган талаптар, зарыл болгон документтер жана тандоо өткөрүү графиги жөнүндө бардык маалыматтар тиешелүү министрликтин расмий сайтында жайгаштырылат.










