Азыркы учурда рулун оң жактан сол жакка которулган унаалар легалдаштыруу механизми аркылуу катталбайт. Бирок демилгечилер мындай машиналарды каттоого байланыштуу өзгөчө жобону киргизүүнү сунуш кылышууда.
Мыйзам долбооруна ылайык, мындай унааларды каттоо үчүн аларды милдеттүү техникалык экспертизадан өткөрүү максатка ылайыктуу деп саналат. Техникалык экспертиза мамлекеттик «Техникалык колдонмо борбордун» аккредитацияланган бөлүмүндө, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
Экспертизадан кийин унаанын техникалык абалы боюнча жыйынтык берилип, эгерде коопсуздук талаптарына жооп бербесе, легалдаштыруу каттоодон баш тартуу менен аяктайт.
Кыргызстанда мындай 50дөн ашык унаа бар экени маалымдалган жана алар жеке максатта колдонулууда.
Бул өзгөрүүлөр 2026-жылдын 10-июнунан 1-сентябрына чейин жүрүүчү чет элдик каттоо номери бар унааларды акыркы жолу легалдаштыруу процесси менен байланыштуу.







