Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги чет өлкөлүк мамлекеттик номери бар, бирок 1-сентябрга чейин легалдаштыруудан өтпөгөн транспорт каражаттарын утилдештирүү механизмин бекитүүнү сунуштап жатат. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ведомство белгилегендей, аталган транспорт каражаттарынын укуктук статусун жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыктан, аларды утилдештирүүнүн так механизмин аныктоо зарыл.

Министрликтин маалыматы боюнча, автотранспорт каражаттарын утилдештирүү экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо менен ишке ашырылышы керек. Себеби, аларды бөлүп-жаруу жана демонтаждоо учурунда айлана-чөйрөгө потенциалдуу кооптуу болгон таштандылар пайда болот. Бул таштандыларга пайдаланылган мотор майлары жана башка техникалык суюктуктар, аккумулятордук батареялар, дөңгөлөктөр, электрондук компоненттер, ошондой эле коркунучтуу заттарды камтыган айрым тетиктер жана материалдар кирет.

Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражатынын ээси унааны өз ыктыяры менен утилдештирүүгө тапшырууга укуктуу.

Эгерде токтомго кол коюлса, унаанын ээси утилдештирүү операторуна төмөнкү документтерди көрсөтүшү керек болот:

  • менчик укугун тастыктаган документтер (эгер бар болсо)
  • же транспорт каражатын ээлөө жана пайдалануу шарттары жөнүндө арыз