Кыргызстандын Пограничдик кызматы Тажикстан менен чектеш чек арадагы контрабандалык аракеттерге шектелген подполковникти аныктап, кармады.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар деген шек менен иликтөө иштерин Баткендеги аскер прокуратурасы жүргүзүүдө.
Погран кызмат билдиргендей, кармалган подполковник товарларды мыйзамсыз каршы өлкөгө өткөрүүгө көмөктөшкөн.







