2026-жылдын 1-августунан тартып Asman Airlines ички каттамдарда авиабилеттердин баасын жогорулатат. Бул кадам күйүүчү майдын баасы 32%га кымбаттаганы менен түшүндүрүлөт.
Бишкек-Ош маршруту боюнча билет баасы 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин өзгөрөт. Ал эми Бишкек-Манас каттамы үчүн билет баалары 4 100 сомдон 5 000 сомго чейин жогорулайт.
Баалардын так суммасы саякаттын күнүнө, билет тандоо мүмкүнчүлүгүнө жана учактагы бош орундардын санына жараша болот.
Авиакомпания тарифтерди кайра карап чыгып, учууларды туруктуу жүргүзүү, аба кемелеринин коопсуздугун камсыздоо жана кызматтардын сапатын сактоо максатында мындай чечимге келген.
Asman Airlines ички авиакаттамдарды жеткиликтүү кылуу саясатын улантып, Кыргызстандын аймактарынын ортосунда ишенимдүү аба байланышын өркүндөтүүнү улантат.
Авиабилеттерди азыркы тарифтер боюнча www.asmanairlines.kg расмий сайтынан жана Asman Airlines мобилдик тиркемесинен сатып алса болот.
Каттамдардагы баалар





