Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү бир катар олуттуу оорулардын өнүгүшү үчүн тобокелдик фактору болуп жатат. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысованын айтымында, аномалдуу ысык жана абанын чаңдуулугу жүрөк-кан тамыр патологияларынын, аллергиялык реакциялардын жана бронхиалдык астманын курчушуна алып келет.
50% өлүүлөрдүн өлкөдөгү саны
жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келет
Карт адамдар, балдар жана жүрөктүн өнүккөн өнөкөт оорулары бар бейтаптар өзгөчө тобокелдик тобун түзөт. Температуранын кескин өзгөрүшү артериялык кан басымдын көтөрүлүшүнө себеп болушу мүмкүн, ал эми абанын сапатынын начарлашы дем алуу органдарынын абалын начарлатат.
Кыргызстанда жалпы өлүм учурларынын 50%ы жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келет. Мындан тышкары, балдар арасында да аллергия жана бронхиалдык астма учурлары катталууда. Аба ырайынын өзгөрүшү жана температуранын кескин көтөрүлүшү артериялык кан басымдын жогорулашына жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын курчушуна алып келиши мүмкүн. Абанын чаңдуулугу аллергиялык реакцияларды пайда кылат жана дем алуу органдарынын ооруларын оорлоштурат. Бул балдардын ден соолугуна карата өзгөчө тынчсызданууну жаратат
Медициналык аспекттерден тышкары, климаттык кризис сел жана суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунан улам инфраструктуранын коопсуздугуна жана адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирет.










