Глобалдык климаттын өзгөрүшү мамлекеттерден экологиялык чараларды гана эмес, медициналык секторду системалуу даярдоону да талап кылат. Бул жөнүндө БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясынын (COP31) алкагында Улуттук коомдук саламаттыкты сактоо институтунун директору Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Эксперттин пикири боюнча, негизги милдет саламаттыкты сактоо системасынын туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат. Бул медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн сактоону жана өзгөрүп жаткан климаттык шарттарда мекемелердин үзгүлтүксүз иштеши үчүн шарттарды түзүүнү түшүндүрөт.

Дүйнө мамлекеттеринин өкүлдөрү жыл сайын эл аралык форумдарга чогулуп, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу жана бул маселени чечүү жолдорун талкуулашат. Бул процесстерге климаттын өзгөрүшүнө тиешеси бар дээрлик бардык тармактардын өкүлдөрү катышып, өз сунуштарын киргизишет. Биз дагы жыл сайын Кыргызстандын сунуштарын эл аралык деңгээлде жеткирүүгө жана дүйнөлүк тенденцияга өз салымыбызды кошууга аракет кылабыз. Бул сунуштардын бир бөлүгү кабыл алынган протоколдорго жана декларацияларга киргизилет.
Жаркынбек Касымбеков, Улуттук коомдук саламаттыкты сактоо институтунун директору

Климаттык жылуулуктан улам курчушу мүмкүн болгон оорулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулушу керек. Касымбеков бул маселе глобалдык мүнөзгө ээ экенин жана эл аралык деңгээлде координацияланган аракеттерди талап кыларын баса белгиледи.