Ташкент шаарында өткөн «Saber Tashkent Grand Prix Cadets 2026» эл аралык турниринде кыргызстандык дзюдочу Мухаммедали Ырысдөлөтов бронзалык медаль алды. Бул тууралуу Мамлекеттик физикалык маданият жана спорт агенттиги билдирди.

Спортчу 90 кг чегинде мелдешүүгө катышты. Ал алгачкы схваткада Өзбекстандын өкүлү Довудназар Мурадовду жеңди, бирок кийинки бетте россиялык Арсений Ширкановго жолугуп, утулуп калды.

Андан кийинки схваткаларда Мухаммедали канаддык Эмельян Соколовду жана Грузиянын Мате Тамазашвили аттуу спортчусун жеңип, турнирдин бронзалык медалин утуп алды.

250жаш дзюдочу
19өлкөдөн катышуучулар
  • 24-25-ноябрь — Ташкентте «Saber Tashkent Grand Prix Cadets 2026» турнири өттү