Кыргызстандын кенже курактагы балдарды өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү багытындагы мамлекеттик саясаты эл аралык деңгээлде оң баага ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бангкок сессиясы жана реформалар
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бангкок шаарында өтүп жаткан БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) Социалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 9-сессиясына катышты. Ал иш-чарада адам капиталын өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу жана үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу токтолду.
Министрдин айтымында, өлкөдө балдардын сапаттуу мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзүү, инклюзивдик чөйрөнү өнүктүрүү жана альтернативдүү билим берүү формаларын киргизүү маселелерине чоң көңүл бурулууда. Ошондой эле, алыскы аймактардагы балдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана санариптик чечимдерди киргизүү багытында иштер жүрүп жатат.
Талкуунун жүрүшүндө ЭСКАТО жана Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Кыргызстандын кенже курактагы балдарды өнүктүрүү саясатын жана адам капиталын чыңдоого багытталган демилгелерин жогору баалашты.
Социалдык таасири жана кызматташтык
Кендирбаева мектепке чейинки кызматтардын жеткиликтүүлүгү аялдардын иш менен камсыз болушуна, ишкердиктин өнүгүшүнө жана үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугуна кандай таасир этерин белгиледи. Бул багытта аялдардын социалдык ишкердигин колдоо жана гендердик кредиттерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелери каралды.
ЭСКАТО менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү багытындагы кызматташтыгы уланып келет. Бул маселе БУУнун Башкы катчысынын орун басары, ЭСКАТО аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жолугушуусунда да талкууланган.
















