2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 306 бөлүмү иштеп жатат.
Улуттук банк кабарлоосуна ылайык, банктардын жалпы активдери жыл башынан бери 30,2% га көбөйүп, 1 трлн 577,3 млрд сомго жетти.
Банк тарабынан берилген насыялардын көлөмү 18,9%га өсүп, 602,6 млрд сомду түздү. Ошол эле кезде депозиттик базанын көлөмү 6,8%га көбөйүп, 924,7 млрд сом болду.
Ислам банкингинин принциптеринде каржылоо да жыл башынан бери 35,4%га көбөйүп, 26 млрд сомду түзүп, алты коммерциялык банк бул кызматты көрсөтөт.






