2026-жылдын 17-августунда Бишкек шаарындагы 20636 аскердик бөлүктүн окутуу жана машыгуу борборунда «Центр-2026» биргелешкен тактикалык машыгуунун жабылуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министрилиги билдирди.

Машыгуулардын башкы жетекчиси Алмазбек Кожошев жана Кыргызстан менен Россиянын куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери катышкан. Машыгуу 11-17-август күндөрү «Эдельвейс» полигониде уюштурулган.

Машыгууга жакын 500 аскер кызматкери жана 100дөн ашык курал-жарак менен аскер техникасы тартылган. Андан тышкары, эки өлкөнүн согуштук FPV-дрондору жана армия авиациясы колдонулду.

Машыгуу жыйынтыктары боюнча катышуучулардын профессионалдык деңгээли жана бөлүмдөрдүн биргелешип иштөөсү жогорку баага ээ болгон. Үстүбүздөгү иш-чарада коюлган милдеттер толук аткарылды.

Жабылуу аземинде жардамы тийген кызматчылар медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.