Кыргызстандын Чегара кызматынын офицери Темирлан Ибраимов виртуалдык FPV-дрон жарыштарында өзүн мыкты адис катары тастыктап, LIFTOFF FPV DRONE RACING симуляторундагы Hannover трассасын 31 секундда туулуп, дүйнөлүк рекорд орнотту.

Бул мелдеш 2026-жылдын июль айында өтүп, Ибраимовдун өзгөчө техникалык жөндөмдөрү жана туруктуулугу белгилүү болду. Анын жетишкендиги мекеменин заманбап адистерди өнүктүрүү боюнча туруктуу стратегиясынын натыйжасы болуп саналат.

Ошондой эле, 4-июлда Кыргыз-Россия Славян университетинин башкы корпусунда өткөрүлгөн FPV-дрон платформасындагы «Квадросим» симуляторунда Открытый кубокко темирлан Ибраимов жана Саламат Садиев катышышып, байге алган.

Пограничниктер жарышта сапаттуу даярдыгын жана дрон башкарууда жогорку чеберчилигин көрсөтүп, кесиптик жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө умтулууларын тастыктады.

Чегара кызматында белгилешкендей, мындай ийгиликтер жаатында үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү жана жетекчилик тараптан кайра-кайра колдоо маанилүү фактор болуп саналат.