Финансылоо көлөмүнүн негизги бөлүгү жеңилдетилген насыялардан турат. Бул максат үчүн мурда 400 миллион евро пландалган болсо, акыркы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында сумма 2,5 эсеге көбөйүп, 1 миллиард еврога жетти.
Финансылоонун түзүмү
Финансы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун маалыматы боюнча, учурда 420–480 миллион евролук долбоорлор алдын ала аныкталган. Калган каражаттар мамлекеттик органдардын жана муниципалитеттердин сурамдарына жараша, 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын алкагында бөлүп берлет.
Насыя берүү шарттары жана долбоорлор
Жергиликтүү бийликтер үчүн насыялар 15 жылдык мөөнөткө, үч жылдык жеңилдетилген мезгил менен берилет. Насыянын ченемдери EURIBOR көрсөткүчү боюнча белгиленет, учурда ал болжол менен 3% түзөт.
Эгерде долбоордун баасы 5 млн евро болсо, анда анын 50 пайызы сөзсүз түрдө грант болушу керек, болбосо биз кабыл албайбыз.
Макулдашуунун алкагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө да каражат бөлүнөт. Анын ичинде Кара-Балта — Чалдовар жолунун курулушуна болжол менен 45 миллион евро жумшалууга пландалууда.












