2026-жылдын 12-августунда Финансы министрлигинде коммерциялык банктар менен жыйын өтүп, «Агрофинансирование цепочек добавленной стоимости» долбоорун жүзөгө ашыруу алкагында насыялоо иши башталды.
Долбоор Европалык Союз, Европалык Инвестициялык Банк жана Германия Федерациясынын Федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан каржыланып, финансылык жардамды Германиянын өнүгүү банкы KfW аркылуу камсыз кылат.
BMZ тарабынан грант түрүндө бөлүнгөн 9 миллион евронун көмөгү менен Фининанс министрлиги тандалган коммерциялык банктар — «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк», «АБанк», «МБанк» жана «О!Банк» аркылуу насыялоо каражаттарын берип баштаган.
Бул каражаттар айыл-чарба өнүмдөрүнүн өндүрүүчүлөрү жана кайра иштетүүчүлөрү үчүн микропредприятиялар, чакан жана орто бизнес субъектилерине улуттук валютада, 7 жылга чейинки мөөнөткө, жылына 10% наркы менен инвестициялык максаттар үчүн берилет.
- Айыл-чарба техникаларын жана жабдууларын сатып алууга кредит берүү
- Айыл-чарба ишканаларынын айланма капиталына насыялоо
- Агрономиялык өндүрүштүн баалуулук чынжырларын колдоо
Долбоордун негизги максаты — айыл-чарба тармагында иштеген микро, чакан жана орто ишканаларды каржылык жактан колдоонун өсүүсүнө салым кошуу болуп жатат.














