Кыргызстандын математикалык командасы 2026-жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарында өткөн 67-эл аралык математикалык олимпиадага катышты. Бул олимпиада дүйнөнүн 117 өлкөсүнөн 666 окуучуну бириктирди.

Кыргызстандан келген топту IV улуттук математикалык олимпиаданын жыйынтыктары боюнча тандалып алынган мыктылар түзгөн. Жалпысынан, команда беш медал менен сыйланды, дагы бир окуучу атайын грамотага татыды.

Медалисттердин жыйынтыктары

  1. Акимов Ариеткүмүш медаль, 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби
  2. Саят Арланкүмүш медаль, 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби
  3. Бобрус Янкүмүш медаль, 10-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби
  4. Мусаходжаев Султанколо медаль, 10-класс, ОК «Маариф»
  5. Акенеев Тимурколо медаль, 11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби

Мындан тышкары, Абдувалиев Бектен «Силк Роуд Эдюкейшн» (ISK) мектебинин 8-классынын окуучусу, атайын грамотага ээ болду. Команданын жетекчилери Ишматов Мамат жана Жолдубай уулу Бекжол болуп кызмат кылышты.

Кыргызстан 1993-жылдан тартып бул олимпиадага катышып келген жана азыркыга чейин 27 медаль утуп алды. Соңку үч жылда 14 медаль (анын ичинде 1 алтын, 8 күмүш жана 5 коло) алган.

2026-жылкы олимпиадада команда 35-орунду алып, акыркы үч жыл катары менен дүйнөнүн эң мыкты 40 командасынын катарына кирди.