Бишкек шаарындагы Турдакүн Усубалиев атындагы Эски аянтта Кыргызстандын региондорунун саламаттыкты сактоо уюмдарына 73 тез жардам унаасын расмий түрдө өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, медициналык мекемелердин өкүлдөрүнө ачкычтарды тапшырды.

Жаңы атайын техника чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга тез медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү зарыл жабдыктар менен толук комплекттелген. Унааларды сатып алуу Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылды.

Унаалардын региондор боюнча бөлүштүрүлүшү

13Баткен облусу
12Жалал-Абад облусу
12Ош облусу
10Ош шаары
9Ысык-Көл облусу
6Нарын облусу
6Чүй облусу
5Талас облусу