Саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн бюджеттин өсүшү медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. 2021-жылы бул максатта 26 млрд сом бөлүнсө, 2026-жылга карата сумма 73,1 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч үч эсеге жакын өскөнүн көрсөтөт.

бюджет26 млрд сом73,1 млрд сом +181%

Жогорку технологиялуу медицинаны өнүктүрүү алкагында 2025-2026-жылдар аралыгында 51 бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү өткөрүлдү. Ошондой эле, медициналык жабдыктарды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында 460 млн сомго "гамма-нож" радиохирургиялык системасы сатып алынды жана хирургиялык роботту алуу боюнча иштер жүрүүдө.

Биз жогорку технологиялуу медицинаны активдүү киргизүүдө.
Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин төрагасы

Медициналык мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу максатында курулуш иштери да активдүү жүрүүдө. 2025-жылы 1 млрд 449 млн сомго 10 объект курулуп, 2026-жылы дагы 6 объект бүткөрүлдү. Учурда онкологиялык оорулары бар балдар үчүн пансионат курулууда.

Кызмат көрсөтүүнү тездетүү үчүн транспорт каражаттарын жаңылоо иштери да жүргүзүлгөн. Бул багытта төмөнкүдөй техникалар сатып алынды:

113тез жардам унаалары
10кызматтык унаалар
10медициналык таштанды ташуучу унаалар