2026-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө, ошондой эле чектелген куракка жеткенге чейин дайындалган судьялар ант беришти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жергиликтүү соттордун судьяларын биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындоо жөнүндөгү жарлыктарына ылайык, судьялык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго дайындалышты:

Чүй облусу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Медербек Сатыев дайындалган судьяларды кызматка кириши менен куттуктап, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле аларды берилген антына ар дайым берилген болууга, мыйзамдуулукту жана сот адилеттигинин принциптерин так сактоого чакырды.