Жалал-Абад облусундагы Аксый жана Ноокен райондорунда райондук соттордун жаңы административдик имараттарынын пайдубалдарына убакыт капсулалары салынды. Бул тууралуу Улуу Кенештен кабарлашты.

Улуу Кенештин төрагасы Медербек Сатыев жаңы курула турган имараттар соттордун ишин заманбап шарттарда уюштуруп, соттук процесстерди жана жарандарды кабыл алууну жакшыртарын белгиледи.

Ал ошондой эле сот имараты жөн гана административдик объект болбостон, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылган, адилеттик жана адам укуктарын коргогон маанилүү мамлекеттик институт экенин кошумчалады.

Сот инфраструктурасынын өнүгүшү соттук адилеттүүлүктүн натыйжалуулугун арттыруу менен жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Соттордо эмгектенгендердин саны

3Аксый районунун судьялары
10