Кыргызстанга 2026-жылдын май айында которулган акча каражаттарынын жалпы көлөмү 287,9 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банк расмий маалымдады.
Маалыматка ылайык, акча которуулардын басымдуу бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн келип, алардын суммасы 252,4 миллион долларды түзгөн.
Ал эми алыстык өлкөлөрдөн келген которуулар 35,5 миллион долларга бааланган.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, май айында Кыргызстандан сыртка акча которуулардын көлөмү 35,7 миллион долларды түзүп, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнө 33,5 миллион доллар, алыстык өлкөлөргө 2,2 миллион доллар жөнөтүлгөн.
Акча которуулардын көлөмү (май 2026)

