«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде тестирлөөдөн өтүүчүлөрдүн жыйынтыктарын баалоо процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Үч субтесттин жыйынтыктары компьютердик программа тарабынан дароо чыгарылат, ал эми жазуу жана ооз эки бөлүктөрдү эксперттер аралыктан текшеришет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине мекеменин директору Батма Топоева-Ставинская билдирди.
Директордун түшүндүрмөсүнө ылайык, үч субтесттин жыйинтыктары акыркы жооп берилгенден кийин дароо экранда көрүнөт. Жазуу жана ооз эки субтесттер да компьютерде аткарылат, ал эми бардык маалыматтар мекеменин базасында сакталып калат.
Батма Топоева-Ставинскаянын белгилегендей, эксперттер жооп кимге таандык экенин жана кайсы региондон тапшырылганын билбейт. Мындай ыкма баалоонун купуялуулугун камсыз кылуу жана жыйынтыктарга сырттан кимдир бирөөлөрдүн таасирин жаратпоо үчүн колдонулат.
Учурда «Кыргызтест» тестирлөө иштери Бишкек шаарындагы үч локацияда, ошондой эле Нарын жана Ош шаарларында өткөрүлүп жатат.













