Абдурашит Ташбалтаев Баткен облусундагы Кызыл-Кий шаарындагы жылуулук берүүчү жана социалдык объекттердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди.
Текшерүү учурунда шаардык жылуулук берүү ишканасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары, шаардык төрөт үйү жана билим берүү мекемелери каралды.
Айрыкча жылуулук системаларынын абалына, отун базаларынын даярдыгына жана социалдык объекттердин үзгүлтүксүз иштөөсүнө көңүл бурулду.
Текшерүү жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге кемчиликтерди тез арада жоюу жана күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүү тапшырмасы берилди.









