Бүгүн эртең менен Лебединовка айылында автобус жүк ташуучу унаа менен кагышты. Кырсык тууралуу маалыматтар социалдык тармактардагы күбөлөрдөн келип түштү.

Бишкек шаарынын Тез жардам медициналык борборунун маалыматы боюнча, окуя болгон жерге беш бригада жөнөтүлгөн. Алгачкы маалыматтарга караганда, алты адам жаракат алган, алардын бири — бала. Бала медицикилер келгенге чейин ооруканага жеткирилген.

Кырсыктын натыйжалары

6жаракат алган адам
4ооруканага жаткырылган
5тез жардам бригадасы

Жаракат алгандардын төртөөсү нейротравма жана жаак-бет хирургиясы бөлүмдөрүнө жаткырылган. Алардын үчөөндүн баш-мээсинен жаракаттары жана башындагы айрылган жараалары бар экени айтылды. Дагы бирөөндүн кашынын үстүндө жана эринде жараалары бар. Ал эми 43 жаштагы айдоочунун буту кысылып калган.

Учурда жол кырсыгынын так себептери жана кырдаалдын чоо-жайы аныкталууда.