Агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында жаңы кеңсенин ачылганын маалымдады. Жаңы имарат техникалык жактан эки күн мурун ишке кирген, ал эми расмий ачылыш жакынкы күндөрү өтөт деп күтүлүүдө.

Мурда мекеме ветеринария департаменти жана башка ведомстволор менен бирге алтынчы кабатта жайгашкан. Агенттиктин колдонуусундагы аянты чектелүү болсо, болгону төрт кабинет гана бар болчу. Иштин башында мекемеде сегиз кызматкер гана иштеген.

16-17агенттиктеги кызматкерлер
20туризмди өнүктүрүү фондундагы кызматкерлер

Ошондой эле Кубатов мамлекеттик кызматка кызматкерлерди алуу тартиби тууралуу айтып өттү. Кандидаттар алгач Мамлекеттик кадрлар кызматынын кадрдык резервине кирүүсү, андан соң тесттен жана конкурсдук тандоодон өтүшү зарыл.

Бир эле башкы адис же бөлүм башчылык кызматына 360 адам арыз берди. Бул чоң жетишкендик деп эсептейм. Биз мыкты адистердин бирин тарта алдык.
Эдуард Кубатов

360 адам адиске талапкерлер

Бир эле кызмат ордуна конкурсга катышкан адамдардын саны