Ош облустук табиятты коргоо прокуратурасы Лейлек районунда көмүр казып алуу мыйзамдуулугун текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айрым жергиликтүү кызмат адамдары мыйзамсыз иштерге бөгөт коюуда жоопкерчиликсиз мамиле жасаганы аныкталды.

«К-А» жана «К-А П» ишканалары белгиленген аянттардан тышкары 100 519 чарчы метр орман жерлерин мыйзамсыз бузуп, 739 494 куб метр калдыктарды жайгаштыргандыгы казылды.

Ошондой эле, аталган ишканалар экологиялык төлөмдөрдү төлөбөй, бюджетке 135 млн сомдон ашык каражат которулган эмес.

Зыяндын түзүлүшү

66 млн 342 миңорун алган жердин экологиялык зыяны
135 млн 214 миңбюджетке төлөнбөгөн төлөм
201 млн 556 миң