Социалдык тармактарда 24-июлда "Париж" пансионатынын жээгинде сууга чөгүп кеткен кыз тууралуу видео тараган. Бул окуя боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) маалыматты ырастады.
ИИБдин билдирүүсүнө ылайык, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, аталган факты каттоого алынган. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.
Милициянын маалыматы боюнча, сууга чөккөн кыздын жашы 12де болгон.


