Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Бишкек жана Чүй областы боюнча электр энергиясынын өчүрүлүшү майнинг-фермалардын ишине байланыштуу эместигин айтты.
Анын айтымында, өлкөдө расмий түрдө эки майнинг-ферма гана иштеп жатат. Алардын бири Токтогул районуна жайгашкан жана Камбар-Атинская ГЭС-2ден электр энергиясын алат. Аталган ферманын ээлери станциянын кубаттуулугун жогорулатууга жана подстанцияларды курууга инвестиция салууда.
Экинчи ферма Кемин районунда жайгашкан, ал импорттук электр энергиясын колдонот жана энергетикалык өткөрүү линияларынын мүмкүнчүлүктөрүндө көйгөй жок.
Министрдин айтымында, Бишкек жана Чүй областы боюнча көйгөйлөр өткөрүү линияларынын кубаттуулугунан келип чыгууда. Мисал катары 20-июлда саат 16:00дө республика боюнча электр энергиясы керектөө 2350 мегаваттка жеткенин жана энергетиктер 100 мегаваттты үнөмдөшкөнүн келтирди.




