Гулистан айылынын ФАПы Манас шаарынын Т. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу аймакта курулуп жатат.
Объекттин сметалык баасы 11 млн 186 миң 916 сомду түзөт. Алардын ичинен 7 млн 294 миң 154 сом өнүктүрүү фондунан каржыланууда, ал эми калган 2 млн 683 миң 623 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.
ФАПтын имараты алты бөлмөнү камтыйт. Ал жерде ички санитардык жай, ысыктап жылытуу, суу, канализация, электр энергиясы жана башка керектелүүчү инженердик коммуникациялар каралган.

