Кыргызстандын Чет эл иштер министрлигинин орун басары Медер Абакиров 17-август күнү Вьетнамдын Кыргызстандагы жаңы элчиси Нгуен Тхань Ле менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Медер Абакиров Нгуен Тхань Ле мырзанын жаңы кызматка дайындалышын куттуктап, анын ишмердүүлүгүнө ишеним билдирди. Ал кыргыз-вьетнам дипломатиялык мамилелерин чыңдоого жана кеңейтүүгө салым кошооруна үмүт артылууда.
Жаңы элчи Нгуен Тхань Ле өз кезегинде эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий жана соода-экономикалык багыттагы актуалдуу маселелерди, өткөн макулдашуулардын аткарылышын жана келечектеги кызматташтык боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-вьетнам мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн мурдагыдай өз ара пайдалуу диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.





