Ишеним каттарды тапшыруунун салтанаттуу аземи 6-ноябрда Ханойдагы президенттик сарайда өттү. Куала-Лумпурда резиденциясы бар Кыргызстандын Вьетнамдагы элчиси Анвар Анарбаев документтерди Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысына жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын президенти То Ламга тапшырды.
КР Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, иш-чаранын алкагында элчи Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөздөрүн жана каалоолорун өткөрдү. Анвар Анарбаев өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча байланыштарды активдештирүүгө, ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Вьетнамдын Президенти То Лам өз кезегинде Кыргызстандын жетекчисине жооп куттуктоолорун билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы салттуу достук мамилелердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, аларды андан ары ар тараптуу чыңдоого кызыкдар экенин айтты.















