Эл өкүлү Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын аял парламентарийлер тобунун жетекчилигине шайланды. Бул маселе Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда талкууланып, депутаттын талапкерлиги колдоого алынган.
Медина Кайрылбекова Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын аял парламентарийлер тобун жетекдейт
Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) аял парламентарийлер тобунун башчысы болуп дайындалды, деп билдирди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Сүрөт: Жогорку Кенеш









