Азыркы учурда санариптик технологиялар коомдун өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Көптөгөн кесиптерде санариптик сабаттуулук, программалоо жана технологиялык жаңылыктарды өздөштүрүү маанилүү көндүмдөргө айланды. Ушул себептен балдарды мектеп курагынан баштап IT чөйрөсүнө тартуу жана аларды заманбап билим берүүгө багыттоо өзгөчө мааниге ээ болууда.

Кыргызстанда балдар заманбап билим алуусу жана жаңы технологияларды үйрөнүүсү үчүн бир топ аракеттер көрүлүүдө. Акыркы жылдары бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири Талас шаарындагы «Баластан» балдар үчүн билим берүү жана көңүл ачуу борборунда IT-мектептин ачылышы болду. Мындай мектептерде балдар компьютердик сабаттуулуктан баштап ар кандай санариптик багыттар менен тааныша алышат.

Адистердин белгилөөчөлүкүнө караганда, IT, робототехника жана STEM боюнча сабактар балдардын ой жүгүртүүсүн өстүрүп, жаңы идеяларды жаратууга, чыгармачылык жөндөмдөрүн жакшыртууга жана келечекте заманбап кесиптерди өздөштүрүүгө жардам берет.

  • 29-ноябрь — Бишкек шаарында илим жана технологиялар боюнча республикалык ILIMFEST–2026 фестивалы өткөрүлөт