Заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти туура колдонуу, алынган маалыматты талдоо жана сын көз караш менен ойлонуу жөндөмүн калыптандыруу бүгүнкү күндө жаш окумуштуулар жана изилдөөчүлөр үчүн негизги талап болуп саналат.
Досаалы Иманбердиевдин айтымында, жасалма интеллект илимий изилдөөлөрдө жана билим берүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачса да, анын берген маалыматтарын сын көз караш менен баалоо зарыл.
Ошондой эле эксперт жаштар үчүн кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү менен бирге компьютердик сабаттуулуктун өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Илимди өнүктүрүү үчүн жоопкерчилик бир гана жаштардын эмес, мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү адистердин да милдети экени айтылды.













