Кыргызстандын мектеп окуу жайларында окуу сааттарын бөлүштүрүүдө жаш адистерге артыкчылык берилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин министри Догдуркул Кендирбаева Жогорку Кенештин отурумунда билдирди.

14 000пенсионер мугалимдер
14 000кызмат өткөрүүдө

Министрдин айтымында, учурда мектептерде пенсия курагындагы 14 миңден ашык педагог иштеп жатат. Алардын эмгектик укуктары Эмгек кодекси менен корголгондуктан, аларды жумуштан бошотуу мүмкүн эмес.

Бирок окуу жайларга сааттарды бөлүштүрүүдө жаш мугалимдерге артыкчылык берүүнү тапшырдык.
Догдуркул Кендирбаева, Билим берүү министри

Депутат Адилет Белеков бул маселени көтөрүп, ведомство тажрыйбалуу мугалимдердин тажрыйбасын колдонуп, алардын нааразычылыгын алдын алуусу керектигин белгиледи. Ал Билим берүү министрлиги пенсионер мугалимдердин статусун кантип чечмелерин тактоону суранды.