Жогорку Кенештин финансы, бюджет, ишкерчилик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 17-ноябрда өткөн жыйынында муниципалдык бирикмелерди каржылоо маселеси талкууланды. Депутат Талайбек Масабиров Базар-Коргонго 5 млн сом бөлүп берүү демилгеси менен чыкты. Анын айтымында, шаар 2021-жылы статус алган, бирок ошол учурдан бери анын өнүгүүсү үчүн каражат бөлүнгөн эмес.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Базар-Коргон өлкөдө дагы деле дотацияда турган жалгыз шаар экенин тактады. Республиканын 34 шаардык борборунун ичинен бир гана бул муниципалитет борбордук бюджеттен финансылык жардам талап кылууда.
Шаарлар дотацияда болбошу керек
Маселени чечүү үчүн Министрлер Кабинетинин башчысы Жалал-Абад облусунун администрациясы менен биргеликте жакынкы эки-үч жылга иш-аракеттер планын иштеп чыгууну тапшырды.














