29-июлда Бишкекте билим берүү министрлигинде Европа Биримдигинин DARYA долбоору менен башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү багытындагы онлайн жыйналыш болуп өттү.

Жыйынга билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку окуу жайлар жана инновациялар министри Гулзат Исаматова, билим берүү министринин орун басары Виктория Мозгачёва жана долбоордун өкүлдөрү катышты.

Талкуунун негизги темалары болуп практикалык окууну көбөйтүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, окуу куралдарын жаңылоо жана кесиптик кадрларды даярдоодо заманбап ыкмаларды колдонуу каралды.

Ошондой эле, 2026-жылдын сентябрь айында өтүүчү кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча улуттук семинарга даярдык тууралуу сөз болду.

DARYA долбоорунун орто мөөнөттүү жыйынтыктары да белгиленип, кесиптик лицейлерде SCAFFOLD методологиясынын киргизилиши, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы мониторинги жана кесиптик компетенцияларды көзкарандысыз баалоо системасынын өнүгүүсү тууралуу маалымат берилди.

Жыйындын аягында тараптар башталгыч кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүдө кызматташууну улантууга толук даяр экенин билдиришти.