Мүлктү каттоодогу каталар жана бир эле объектке бир нече каттоо документтеринин берилиши жарандардын ортосунда узакка созулган чыр-чатактарды жаратууда. Бул маселе эл менен жолугушуу учурунда көп жолу көтөрүлүп келет деп белгиледи Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.}}{"type":"paragraph","data":{"text":"Мүлктү каттоодогу каталар жана бир эле объектке бир нече каттоо документтеринин берилиши жарандардын ортосунда узакка созулган чыр-чатактарды жаратууда. Бул маселе эл менен жолугушуу учурунда көп жолу көтөрүлүп келет деп белгиледи Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев."}},{
Бул маселени чечүү үчүн каттоо маалыматтарын көзөмөлсүз өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн толук жоюу зарыл. Бардык иш-аракеттерди бирдиктүү санариптик системага киргизүү аркылуу мүлктүк маалыматтардын тактыгы камсыз кылынат.
Текшерүү учурунда айыл өкмөтү менен кадастр кызматкерлеринин ортосундагы мыйзамсыз байланыштардын бар-жогу аныкталат. Андай фактылар ачылганда аларга укуктук баа берилет жана жооптуу жетекчилердин жеке жоопкерчилиги күчөтүлөт.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча республикалык кеңешмеде бул маселе өзгөчө көңүл борборунда болду.











