Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында 150 окуучу үчүн жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай чарбасы министрлиги билдирди.

Архитектуралык долбоорго ылайык, окуу корпусу эки кабаттуу болот. Жаңы имараттын ичинде өтмө галерея жана спорттук зал каралган. Окуучулар билим алуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.

Мектептин негизги көрсөткүчтөрү

135 млндолбоордун наркы (сом)
1 604имараттын жалпы аянты (м²)
150окуучунун саны

Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Бүгүнкү күнгө карата имараттын биринчи кабатынын дубалдары чегерилип бүткөн. Долбоорду Турак жай жана жарандык курулуш департаменти ишке ашырууда.