Нарын облусунун Жумгал районунда жашаган Жамиля Тойчубекова 35 жылдан бери айыл чарба тармагында иштеп келет. Ал семяводчество кооперативинин жетекчиси болуп, өз алдынча техникаларга ээ. Аталган тажрыйбалуу айым Бишкек шаарында өтүп жаткан «Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө чейин» форумунда өзүнүн эмгек жолу тууралуу айтып берди.
Кооператив өз ишинде мамлекеттик жерлерди ижарага алып, буудай менен арпа өстүрөт. Ишкердин айтымында, техникаларды кредиттик жол менен сатып алышкан жана салыктарды өз убагында төлөп турушат.
Кредиттин пайызы (жаныбарчылык үчүн)12–18% %3% %
Тойчубекова азыркы учурдагы кредиттик шарттардын мурунку жылдарга караганда бир топ жакшырып калганын белгиледи. Ал мурда кредиттердин пайыздык чендери өтө жогору болгонун айтты.
Кредиттин пайызы (өсүмдүкчүлүк үчүн)12–18% %6% %
Аталган адистин пикири боюнча, Кыргызстанда айыл чарбасынын ар кандай багыттарын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.














