Нарын шаарында Юстиция министрлигинин кызматкерлери үчүн жаңы имарат даяр болду. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, үч кабаттуу жаңы объекттин курулуш иштери толугу менен аяктады.
Имараттын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. Проектти каржылоо үчүн республикалык бюджеттен 57 миллион сом бөлүнгөн. Курулуштун сапатын Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөп турган.
Жаңы имараттын жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө. Бул объект мамлекеттик органдын иштөө шарттарын жакшыртууга жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
- 2024-жыл, октябрь
Курулуш иштери башталды
- Азыркы учур
Курулуш иштери толугу менен аяктады
- Жакынкы күндөрү
Имаратты пайдаланууга берүү пландалууда












