Нарындагы бажы кызматкерлери жана чек ара кызматтары Кытайдан келген автобуста декларацияланбаган оор жүк кармашты. Жалпы салмагы болжол менен 460 килограмм болгон товарлар бар экендиги аныкталды.
Бул автобусту Кытай жараны башкарган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 20 түрдөгү товарлар, анын ичинде 240 комплект камуфляждык кийимдер, 120 атайын форма жана кепкалар, спорттук бут кийимдер, авто запчасти жана башка товарлар декларацияланбаган болуп чыкты.
Товарлардын курамы
Товарлардын жалпы наркы 558 849 сомду түзүп, бул факт боюнча материалдар Улуттук бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына тапшырылды. Бажы тарабынан кошумча чаралар көрүлүп, бюджетке эки эсе зыяндын ордун толтуруу катары 257 756 сом алынды.




