Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы өлкөгө мыйзамсыз товарларды киргизүү фактыларын аныктоо боюнча рейд жүргүздү.

Рейд учурунда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден келген жүктү текшергенде, документтери жок товарлар табылды.

Товарлар үй шартында колдонулуучу буюмдар болуп, алардын жалпы наркы 1 миллион 400 миң сомдон ашык деп бааланып жатат.

Азыркы учурда салык кызматы аталган мыйзамсыз ташылган товарларга тиешелүү салыктарды мамлекеттин бюджетине чогултуу иштерин жүргүзүүдө.