Казанда ОДКБга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жетекчилеринин баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңешинин 28-жыйылы болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.
Жыйын Россиянын төрагалыгы астында өткөн. Анда Татарстандын жетекчилиги, ошондой эле Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия милициясынын профилдик ведомстволорунун жана антинаркотикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Тажикстандын Президентинин алдындагы баңгизатка контролдоо боюнча агенттиги, Росфинмониторинг жана ОДКБнын Секретариатынын өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын делегациясына Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жетектеди. Ал жыйындын ачылышында баңгизат коркунучуна каршы күрөшүүдө эл аралык күчтөрдү бириктирүү зарыл экенин белгилеп, ОДКБнын координациялык кеңешинин бирдиктүү стратегияны түзүүдөгү маанилүү ролун баса белгиледи.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Наркотикалык каражаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын башчысы Уланбек Султанов өлкөдөгү учурдагы баңгизат кырдаалы тууралуу презентация сунуштады.
Катышуучулар баңгизатты колдонуунун алдын алуу, баңгизат каражаттарын өндүрүүнү жана контрабанданы токтотуу, ошондой эле баңгибизнес аркылуу алынган кирешелерди легализациялоого каршы туруу боюнча практикалык чараларды талкуулашты. Мындан тышкары, «Канал» атайын операциясынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптар тиешелүү документтерди макулдашып, кол коюшту.























