11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Коллективдик келишим жөнүндө уюмдун Коллективдик коопсуздук кеңешинин (КТКУнун ККК) сессиясына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди. Бул тууралуу Президенттин администрациясы билдирди.
Иш-чарага келген лидерлерди Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды. Мамлекет башчыларынын расмий саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин тар форматтагы жыйын башталды.
Сессиянын ишине мамлекет башчылары жана уюмдун жетекчилиги катышууда:
- Россиянын Президенти Владимир Путин
- Беларусс Президенти Александр Лукашенко
- Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев
- Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров
- Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон
- КТКУнун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков



















