Галина Байтерек өзүнүн Facebook баракчасында президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси кызматына дайындоо боюнча өзүнө байланыштуу тараган сөздөрдү кескин четке какты.
Ал акыркы учурларда соцтармактарда анын аты аталган ар кандай маалыматтар орунсуз экенин, ал кызматка талапкер эмес экенин белгиледи.
Галина Байтерек 2020-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалган. 2021-жылдын май айынан баштап президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. 2026-жылы февраль айында Кыргыз туусу басылмасын жетектей баштады.
Ал эми Дайырбек Орунбеков акыркы күндөрү айрым пикирлерге жана талкууларга себеп болуп жатат, бирок Байтерек анын ордуна дайындала турганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.





