Ош шаарында чет элдик ишкерлердин жарнактарынын мамлекеттик тил мыйзамына шайкештигин текшерүү боюнча рейд болуп өттү. Мэр Жанарбек Акаев өзүнүн жетекчилиги астында жүргүзүлгөн бул аракеттин максаты мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана шаардагы тартипти кармоо экендиги белгиленди.

Рейд учурунда айрым жарнактар жана маалымат жазуулары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзам талаптарына дал келбей турганы аныкталды. Мыйзам бузулган учурларда ишкерлерге мыйзамга ылайык азыр оңдоого бир саат убакыт берилди.

"Шаар бийлиги мыйзам чегинде иштеген ар бир ишкерди колдойт. Бирок сиздер да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды сакташыңыздар абзел" — деди мэр Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев, Ош шаарынын мэри

Ош шаардык мэриясы мындай рейддерди мындан ары да улантарын айтып, алар мыйзам бузулууларды алдын алуу, мамлекеттик тил мыйзамын аткарууну камсыз кылуу жана шаардагы тартипти бекемдөө максатында уюштурулуп жатканын маалымдады.