20-ноябрда өткөн иш-чарада укук бузуулардын алдын алуу, экстремизмдин жайылышына жол бербөө жана коомдук туруктуулукту бекемдөө боюнча мыйзамдардын аткарылышы талкууланды.
Талкуу учурунда комитеттин төрагасы Суйунбек Омурзаков мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндө коомдук тартипти сактоо, жарандардын укуктарын коргоо жана улуттар аралык макулдукту чыңдоо артыкчылыктуу багыттар экенин белгиледи.
Келтирилген сунуштарды иштеп чыгуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо менен укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү зарыл.
Иш-чарага комитеттин төрагасы Суйунбек Омурзаков менен Улугбек Ормонов, Салтанат Аманова, Азамжан Джалилов жана Бекмурза Эргешов депутаттары, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана диаспоралардын жетекчилери катышты.
Ош шаары жана Ош облусу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери аталган багыттарда мыйзамдардын аткарылышы жана жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары боюнча докладдар менен чыгышты.
Суроо-жооп форматында катышуучулар мыйзамдардын натыйжалуу аткарылышын камсыздоо жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын билдиришти.


























