Ош шаарында муниципалдык жерлерде мыйзамсыз жана стихийно жүрүп жаткан соода ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча рейд өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталып, 286-статтын 2-бөлүмү боюнча административдик протоколдор түзүлдү жана айып пулдар салынды.

Бул чара шаар мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, муниципалдык инспекция жарандар менен ишкерлерди мыйзам талаптарына так карманууга, соода кылууда атайын бөлүнгөн жайларда гана иштөөгө чакырды.